Башкы прокуратура Адил Турдукуловдун арызынын негизинде кылмыш ишин козгобойт. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Сөз эркиндигин коргоо комитетинин төрагасы билдирди.
Адил Турдукулов Башкы прокуратурага үгүткө аралашкан вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге иш козгоо талабы менен кайрылган. Мыйзамды көзөмөлдөө органы Зилалиевдин маселесин Боршайком карап чыкканын айтып, иш козгоодон баш тарткан.
Турдукулов Дүйшөнбек Зилалиев отставкага кетиши керек дейт.
Шайлоо 15-октябрда өтөт.