15:06
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Элмира Ибраимова Темир Сариев менен көз-карашы келишпей, иштешүүнү токтотту

Эсептөө палатасынын мурдакы төрайымы Элмира Ибраимова Темир Сариевдин командасынан кетип жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу ал Facebook баракчасында кабарлады. 

Анын айтымында, президенттик талапкер менен көз-карашында ажырым пайда болгон.

«Темир Аргенбаевич менен өлкөнүн келечеги, өнүгүү боюнча көз-караштарыбыз бир болгондуктан колдогонмун. Мен демократиялык коомго, укуктук балуулуктарга жана экономиканын тынымсыз өнүгүүсүнө багытты толук колдойм. Бирок, бүгүн биздин көз-караштарыбыз толугу менен айырмаланат. Мен саясый кырдаалга карата идеологиялык позицияны өзгөртүү туура эмес деп эсептейм»

Элмира Ибраимова

 Темир Сариевдин штабы маалыматты ырастап, Элмира Ибраимованын ордуна А. Эргешов штабты жетектерин билдирди. 

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби