18:02
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

БШК Камчыбек Ташиевге эскертүү берди

Борбордук шайлоо комиссиясы президентикке талапкер Камчыбек Ташиевге мурдакы муфтий Чубак ажы Жалиловду үгүт иштерине тарткандыгы үчүн эскертүү берди. Бул тууралуу БШК маалымдайт.

Эскерте кетсек, жарандык активисттер БШК Чубак ажы Жалиловду үгүт иштерине тарткан Сооронбай Жээнбековго арызданышкан. Анткени, мыйзам боюнча диянатчыларга үгүттөөгө тыюу салынат.

Бирок, БШКда бул кайрылууну кароодо мурдакы муфтий Сооронбай Жээнбеков эмес, Камчыбек Ташиевдин чакырысуу менен Барпыдагы жолугушууга катышканы аныкталган. Андыктан Ташиевге эскертүү берилди.

Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев Сооронбай Жээнбековду колдоого алып, талапкерлигин алып саларын билдирген. Азырынча БШКга арыз жолдой элек. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума