05:06
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Маданият министрлиги Өзбекстандын өкүлдөрүн 2 миллион сомго коноктойт

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Өзбекстандын өкүлдөрүн тосуп алууга 2 миллион сомдон ашык каражат бөлдү. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуу сайтында маалымдалат.

Октябрь айында Кыргызстанда Өзбекстандын маданият күндөрү өтөт. Ага өзбек кино чеберлери, акын, жазуучулары, ырчы -бийчилери келери күтүлүүдө.

Чыгармачыл топ 5-7-октябрда Бишкекте болот. Ага министрлик 1,1 миллион сом чыгымдап жатат. 7-8-октябрда Ошко кетишет. Ош шаарындагы тамак-ашы жана түнөгүнө −546,4 миң сом каралды. Андан сырткары, Бишкектен Ошко учуп баруусуна дагы өзүнчө каражат бөлүнөт.

Кыргызстандын маданият күндөрү Ташкентте 2018-жылы өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар