Дүйнөлүк банк «Бизнести жүргүзүү 2017: баарына бирдей шарттар» аталышындагы кезектеги баяндамасын жарыялады.
Анда Бруней-Даруссалам, Казахстан, Кения, Беларусь, Индонезия, Сербия, Грузия, Пакистан, Бириккен Араб Эмираттары жана Бахрейн 2015-2016-жылдары ишкерликти жүргүзүүгө жакшы шарттарды түзүүгө жетише алган өлкөлөрдүн катарына кирди.
Сап башында Жаңы Зеландия, андан кийин Сингапур жана Дания.
Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн ичинен Казакстан алдыда. Ал 35-орунда. Белоруссия 37, Армения 38, Россия 40, ал эми Кыргызстан 75 орунда.