15:19
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Камчыбек Ташиев радиодебаттан баш тартты

Президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев 25 мүнөттүк радио эфирден баш тартты. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде белгилүү болду.

Радио дебатта бүгүн Камчыбек Ташиев менен Сооронбай Жээнбеков жолукмак.

Кечээ Камчыбек Ташиев Сузак районундагы жолугушууда Сооронбай Жээнбековду колдоп, талапкерлигин алып саларын билдирген. Бирок, азырынча БШКга арыз жолдой элек.

Эртең бекер радио эфир Бакыт Төрөбаев менен Таалатбек Мамасадыковго берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар