10:44
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Өкмөт Liglass Trading менен келишимди жокко чыгарат

Өкмөт Liglass Trading менен келишимди жокко чыгарат. Бул тууралуу кечээ өкмөттүн жыйынында Премьер-министр Сапар Исаков билдирди. 

Жыйында өкмөт компания менен келишимди узартууга укуктук мүмкүнчүлүгү жок экендиги айтылды. 

«Мыйзам боюнча дагы, келишим боюнча дагы акчаны которуу мөөнөтүн узартууга мүмкүнчүлүгүбүз жок», —  дели вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиев.

Эскерте кетсек, кечээ Чех компаниясынын Кыргызстандын 37 миллион доллар которуу мөөнөтү аяктаган. Инвесторлор аларга дагы убакыт берүүнү суранышкан. 

Liglass Trading Ак-Булуң жана Жогорку Нарын каскадындагы чакан ГЭСтерди куруу боюнча тендерди утуп алган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби