Жалал-Абад шаарынын студенттерин КСДП партиясынын талапкерин колдоого мажбурлап жатышат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов («Өнүгүү-Прогресс») билдирди.
Анын айтымында, Жалал-Абад университетинин ректору студенттерге атайын кагаз толтуртуп, Сооронджай Жээнбековго добуш берүүгө мажбурлоодо.
«Ошто айрым ишканаларда дагы КСДПнын талапкерин колдоого көрсөтмө берилиптир. Сапар Исаков өзү шайлоого кийлигишпейбиз деп убада берген», — деди Зиядин Жамалдинов.
Президенттик шайлоо 15-октяюрда өтөт. 13 талапкер ат салышууда.