03:36
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кадамжайда жол кырсыгында бир үй-бүлөдөн төрт киши набыт болду

Кадамжай-Айдаркен жолунун 20 километринде 9-сентябрь күнү жол кырсыгы катталып, анда «Дэу Матиз» менен жүк ташуучу унаа кагышып кеткен. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирет.

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жеңил уунанын алдынан чыккан.

«Дэу Матизтин» айдоочусу, анын аялы жана 2002инчи жана 2016-жылы туулган балдары оорууканада көз жумушту. Дагы бир уулу учурда жан берүү бөлүмүндө жатат. 

Ал эми жүк ташуучу унаанын жүргүнчүлөрү жеңил жаракат алышкан. Кылмыш иши козголуп, айдоочу камалды. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума