22:01
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Президенттикке талапкердин jeenbekov2017.kg баракчасы ишке кирди

Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Президентикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун расмий веб-сайты — jeenbekov2017.kg ишке киргенин билдиребиз.
Бул ресурс Сооронбай Жээнбеков, анын ишмердигине байланыштуу акыркы маалыматтар менен таанышып турууга жардам берет.

Сайттан Сооронбай Жээнбековдун командасынын жетишкендиктери, шайлоо алдындагы платформасынын негизги тезистери, өмүр таржымалы тууралуу маалыматтарды ала аласыздар. Андан сырткары, сайттын «Байланыш» бөлүмү аркылуу шайлоо штабы менен ыкчам байланышуу мүмкүнчүлүгү дагы бар.


Биз сайтты өнүктүрүү жана маалыматтар менен толтуруу багытында активдүү иштеп жатабыз. Сиздердин каалооңуздар менен пикириңиздерге кубанычта болобуз.
Сайтты өзүңүздөргө сактап алып, jeenbekov2017.kg шилтемесин досторуңузга жөнөтүңүз да президентикке талапкер Сооронбай Жээнбеков тууралуу маалыматтар менен камсыз болуп туруңуздар.

Эгерде Сизде суроолор жаралса, анда президентикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы менен тɵмɵнкү телефон номерлери аркылуу байланышыңыз; PR-бɵлүм (0312) 53 33 04, коомдук кабылдама (0312) 53 33 31, s.jeenbekov2017@gmail.com

Президенттикке талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.  Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 11.09.2017 ж.

Эң көп окулган жаңылыктар