15:26
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ашхабадда интернет байланышы кайрадан үзгүлтүккө учуроодо

Ашхабадда интернет байланышы кайрадан жапырт үзгүлтүккө учуроодо. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

«Ашхабадда интернеттин ылдамдыгы дээрлик токтоп калды. Аймактарда абал кандай экенин элестетүү кыйын. Биз төлөп жаткан акча үчүн (айына 150-200 манат же 50 доллар) сапаты өтө начар», — деди жергиликтүү тургундардын бири.

Анын айтымында, элди интернет менен камсыз кылган компанияларга кайрылган учурларда, кызматкерлери ийнин куушуруп, же кардардын коюлган бөгөттү кыйгап өтүү мүмкүндүгүн берген прокси-серверлерди колдоноор-колдонбосун тактап сурашууда.

Ашхабаддагы интернет колдонуучулардын пикиринде, интернеттин мындай сапаты ата мекендик түйүндөрдүн техникалык мүмкүнчүлүгүнүн чектелүү экендигине гана эмес, элдин интернетке кирүү мүмкүндүгүн чектөө боюнча бийликтин аракеттерине дагы байланыштуу болууда.

Түркмөнстанда көз карандысыз маалымат булактарына, анын ичинде «Азаттыктын» түркмөн кызматынын сайтына, Facebook, Twitter, VKontakte социалдык түйүндөрүнө бөгөт коюлган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума