02:15
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Текебаевдин соту. Прокурор чагымчылдыкка айыпталып, аны чакырып алуу сунушталды

Бишкек шаардык сотто Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен ӨКМдин мурдакы жетекчиси Дүйшөн Чотоновго Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмгө карата арызды кароо уланууда.

Сотто бүгүн күбө катары «Альфа-Телеком» ишканасынын мурдакы башкы директору Азамат Мурзалиевди чакыруу сунушталды. Бирок, аны сотко четке какты.

Эскерте кетсек, Азамат Мурзалиев соттун чечими менен 12 жылга эркинен ажыратылган. Учурда жаза мөөнөтүн өтөөдө.

Андан кийин күбөлөр көрсөтмө берип жаткан кезде прокурорду зекип, үнүн көтөрүп сүйлөгөнүнө айыпталуучулар тарабынан эскертүү берилди. Андан кийин мамлекеттик айыптоочу Бекжан Маматбаевдин Өмүрбек Текебаевдин жан сакчысына «2010-жылдын 13-майында Текебаев «Супарага» барып түштөнгөндүгүн өзү көрсөтмөсүндө айткан. Силер аталган кафеге бардыңар беле?» -деген суроосу нараазычылык жаратты.

Өмүрбек Текебаев дароо каршылык билдирип, «Мен эч качан андай көрсөтмө берген эмесмин. Бул каарандай калп» — деди ал.

Жактоочулар прокурор Бекжан Маматбаевди чакырып алууну талап кылышты. Сот алардын өтүнүчүн четке какты.

Эскерте кетсек, Текебаев менен Чотонов жемкорлук беренеси менен айыпталып, Биринчи май райондук соту 8 жылга эркинен ажыраткан.

Эң көп окулган жаңылыктар