18:50
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Самара Каримова мыйзамсыз наам алгандыгы айтылууда

Ырчы Самара Каримовага Эмгек сиңирген наамын ыйгаруу мыйзамсыз. Бул тууралуу Конституциялык палатанын мурдакы соту Клара Сооронкулова билдирди. 

Анын айтымында, «Мамлекеттик наамдар» тууралуу мыйзамга ылайык «Эмгек сиңирген наамы» кайсы бир тармакта 15 жылдан кем эмес кызмат өтөгөндөргө гана ыйгарылат.

«26 жаштагы кызда кантип 15 жылдык тажрыйбасы болсун. Ал өзү деле чыгармачылыгын жакында эле баштаганын айтып жүрөт»- дейт Клара Сооронкулова. 
Эскерте кетсек, эгемендүүлүк күнүнө карата президент Алмазбек Атамбаев маданият, спорт жаатындагы ишмерлерге наам ыйгарган. 

Эң көп окулган жаңылыктар