Борбордук шайлоо комиссиясы президентикке ат салышкан дагы бир талапкерди каттады. Азимбек Бекназаров жетинчи расмий талапкер болду.
Ал 57 миң 18 кол топтогон. Мамлекеттик тил сынагынан 86,4 балл алган.
Эскерте кетсек, буга чейин БШК Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков, Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров жана Эрнис Зарлыковду каттаган.
Шайлоо 15-октябрда өтөт.