Жаңы өкмөттүн программасы бир айда иштелип чыкты. Бул тууралуу коалициялык көпчүлүктүн жыйынында премьер-министрликке талапкер Сапар Исаков билдирди.
Анын айтымында, программа баарына түшүнүктүү боло тургандай жазылды.
«Бул жерде жетишкендиктер көрсөтүлүп, аларга түшүндүрмө берилет. Беш жылдык программа иштелип чыкты. Өлкөдөгү көйгөйлөрдү чечүү пландарды ишке ашыруу керек», — деди Сапар Исаков.
Ал вице-премьер-министрликке Толкунбек Абдыгулов, Дүйшөнбек Зилалиев, Чолпон Султанбекова жана Темир Жумакадыровду сунуштап жаткандыгын ырастады.