00:26
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Парламентте кезексиз жыйындын мыйзамдуулугуна күмөн жаралды

Парламентте кезексиз жыйындын мыйзамдуулугуна күмөн жаралды. Депутат Алманбет Шыкмаматов аларды жыйынга СМС аркылуу чакырылгандыгынын мыйзамдуулугуна кызыкты.

«Эми бул окуя тарыхта кала турган болду. Депутаттарды СМС менен жыйынга дайым эле чакыра бербейт» - деди ал.

Төрага Чыныбай Турсунбеков, депутаттар СМС эмес, атайын чечим менен келгендигин, ал боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялангандыгын айтты.

«Баары мыйзамдуу. Андан эч күмөн жок. Каалагандарга өзүнчө чечим чыгарып берем» - деди төрага.

Жогорку Кеңеште тыныгуу жарыяланды. Анткени, коалициялык көпчүлүк премьер-министр Сапар Исаковдун талапкерлигин карап чыгуусу зарыл. 

Эң көп окулган жаңылыктар