16:38
+27
USD 68.50
EUR 82.24
RUB 1.18
Кыргызча

Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынын баштады

Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулду. Отурум өлкөнүн гимни менен башталды. Парламенттин спикери Чыныбай Турсунбеков депутаттарды аймактарда жүргүзгөн иштерине ыраазычылык билдирди. 

Күн тартибинде бир гана маселе бар. Бүгүн премьер-министрлик кызматка президенттик аппарат башчысы Сапар Исаковдун талапкерлиги каралат. 

Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков шайлоого талапкер болуп катталгандан кийин кызматын тапшырды. Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешти кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөттун курамын бекитүүнү талап кылды.

Эң көп окулган жаңылыктар