22:15
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өзбекстанда аким пахта талааларынан сүрөт отчет талап кылды

Ташкент облусундагы Ангрен шаарынын акими мамлекеттик ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилеринен адамдардын пахта теримге катышкандыгы тууралуу визуалдык отчётторду талап кылды.
Ангрендин башчылыгына ушул жылдын июлунда дайындалган Хакимжан Абдулазизов шаардагы мамлекеттик ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине телеграмма жөнөтүп, пахта түшүмүн өз маалында жыйноо үчүн бардык уюштуруу иш-чараларын ишке ашырууну өтүндү. Ал 30-августка карата «пахта терүү отряддарынын» мүчөлөрүнүн тизмесин жана сүрөттөрүн, ошондой эле аларды талаага жөнөтүүгө жооптуу адамдардын аты-жөнүн жөнөтүүнү тапшырды.

Пахта терүү — Өзбекстан үчүн олуттуу темалардын бири. Анткени көптөгөн укук коргоо уюмдары бийликти жаш балдарды пахта терүүгө мажбурлоого, алардын эмгегин пайдаланууга айыптап келишет.

Мурдараак Самарканд облусунун акими ишкана жана умдардын жетекчилерине пахта терүү өнөктүгү үчүн 50 кишиден турган отряддарды түзүү буйругун берген. Андан тышкары жеке уюмдардын бардык жетекчилерине адамдарды мажбурлоо менен пахта терүүгө жөнөтүүнү тапшырган.

Ошол эле маалда Наманган облусунун акими мугалимдер менен дарыгерлерди айыл-чарба жумуштарына тартуу практикасы токтотуларын убадалаган. Ушундай эле убаданы Сурхандарыя облусунун акими да берген.

Эң көп окулган жаңылыктар