16:58
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Ош шаарынын мэри баштаган аткаминерлер Анжияндагы Ноорузга катышты

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген чакан делегация кошуна Өзбекстандын Анжиян облусунун жетекчилигинин чакыруусу менен Нооруз майрамына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышып келди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлайт.

Делегация курамына шаардагы айрым мекеме-ишканалардын жетекчилери, Ош шаардык кеңешинен, Кыргызстан Элдер Ассамблеясынын Ош өкүлчүлүгүнөн, жаштар комитетинин жетекчилери болушту.

Ош шаарынан барган топту Анжиян облусунун акими Шухрат Абдурохмонов, Анжиян шаарынын акими Дилмурат Рахматуллаев баш болгон жетекчилер тосуп алышты. Эки тараптуу жолугушуу жылуу мамиледе башталды.

Андан сырткары бүгүнкү жолугушуунун алкагында эки шаардын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий —гуманитардык мамилени мындан ары дагы күчөйтүү максатында Айтмамат Кадырбаев менен Дилмурод Рахматлулаевдин ортосунда дагы бир меморандумга кол коюлду.

Эң көп окулган жаңылыктар