21:05
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Боршайком президентикке ат салышкан экинчи талапкерди каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик ат салышкан Өмүрбек Бабановду талапкер катары каттады. 

«Республика-Ата-Журт» партиясынын лидери мамлекеттик тил сынагын (93,5 балл) ийгиликтүү тапшырып, 107 кол топтоп (анын 103ү жарактуу деп табылган), 1 миллион сомду күрөөгө төккөн. 

Биринчи болуп талапкер катары Темир Сариев катталган.

Азыр ат салышкандардын саны 51ге жетти. Төртөө мамлекеттик тил сынагынан жыдып калды. 

Эң көп окулган жаңылыктар