20:07
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Билим берүү министрлиги Түркияны кыргыз коомчулугуна кысым көрсөтпөөгө чакырды

Билим берүү жана илим министрлиги Түркиянын билим берүү министри Орхан Эрдемдин билдирүүсүнө жооп берди. Жоопто түрк аткаминерин кыргыз коомчулугуна кысым көрсөтүүдөн жана «Сапат» билим берүү мекемесининин аброюуна шек келтирүүдөн алыс болууга чакырат.

Эскерте кетсек, Орхан Эрдем Феттуллах Гуленге байланыштуу деп эсептелген «Сапат» мектебинин окуучуларын Түркияга киргизилбестиги тууралуу айткан.

«Аталган мектеп 1992-жылдан бери иштеп, аны 10 миңден ашык бүтүрүүчү аяктады. Алар татыктуу билим алып, түрк тили менен маданиятын өздөштүрүштү. «Сапатты» (мурдакы «Себатты») аяктаган окуучуларды  Кыргызстан менен Түркияны байланыштырган көпүрө десек болот. «Сапатты» террордук уюмдардын катарына кошуп, окуучуларга жана ата-энесине каршы чектөөлөрдү киргизүү туура эмес. Бул жоопкерчиликсиз билдирүү» -деп айтылат Билим берүү министрлиги бүгүн таркаткан билдирүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар