13:00
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Боршайкомго Өмүрбек Бабановго каршы дагы эки арыз түштү

Борбордук шайлоо комиссиясына президентикке талапкер Өмүрбек Бабановго каршы эки арыз түштү.

«Коомдук жаштар кеңеши» коомдук бирикмесинин пикиринде «Республика — Ата Журт» партиясынын лидеринин маалымат жыйынынан кийин үгүттөгөн өңүттөгү маалыматтар таркатылган.

«Бабанов шайлоо алдындагы иштердин моралдык-этикалык нормаларын бузгандыктан ага эскертүү беришили керек» — деп айтылат коомдук бирикменин арызында.

Экинчи арыз Токтоналиева аттуу жарандан келип түшкөн. Ал «Новый Бишкек» гезитине басылган макаланы мисал келтирип, андагы үгүттөөлөргө көңүл бурууну суранат.
 
Белгилей кетсек, буга чейин «Республики — Ата Журт» партиясынын лидерине шайлоодогу атаандаштары Турсунбек Акун менен Бакыт Керимбаев, жарандык активист Мелис Аспеков жана Кыргызстандын шайлоочуларынын ассоциациясы даттанышкан.
 
 
Эң көп окулган жаңылыктар