14:39
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

БУУнун башкы катчысы Алмазбек Атамбаевдин ишине ыраазычылык билдирди

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Алмазбек Атамбаевдин ишине ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат бөлүмү кабарлайт

Антониу Гутерриш президенттин атына жөнөткөн кайрылуусунда Кыргызстан БУУнун маанилүү өнөктөшү экендигине басым жасайт.

«Кыргызстан уникалдуу өлкө. Биздин кызматташтык Кыргызстанга пайда алып келди деп ойлойм. Жакында сиз менен аймактык маселелер боюнча пикир алмашканыбызга ыраазымын. Андыктан, сизге БУУнун Борбордук Азиядагы превентивдик дипломатия борбору менен кызматташууну сунуштайм. БУУ сиздин биздин ишке чоң маани берериңизди баалайт жана кызматташтыктык мындан ары да бекемделишин күтөт », — деп айтылат билдирүүдө.

Антониу Гутерриш июнь айында Кыргызстанга келип, президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, Ош шаарында түштүктөгү коогалаңдын 7 жылдыгына арналган иш чарага катышкан.

«Мен Ошто БУУнун Жогорку комиссары катары 2010-жылы болгонмун. Быйыл барганда сиздин эки тарапты элдештирүү аракетиңиздин жыйынтыгын көрүп кубандым. «Эненин көз жашы» айкелине гүл коюу аземине катыштыргандыңыз үчүн ракмат», — дейт Антониу Гутерриш.

Белгилей кетсек, БУУнун башчысы Кыргызстанга келген кезде бир топ укук коргоочулар аны менен жолугшууга чакырылган эмес. 

Эң көп окулган жаңылыктар