01:29
+23
USD 68.74
EUR 80.81
RUB 1.15
Кыргызча

Ошто Сириядан кайтып келген жаран кармалды

Ошто Сириядан кайтып келген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет.

ИИМдин маалыматында, 22 жаштагы М.А. аттуу жаран Сирияда «Ислам мамлекетинин» лагерлеринде даярдыктан өткөн.

Ал Кыргызстанда «Ислам мамлекетине» кошулууга үгүттөө менен жардырууларды мерчемдеген.

Тинтүү мезгилинде үйүнөн экстремисттик материалдар, курал жана жардыруучу заттар табылды.

Эң көп окулган жаңылыктар