23:24
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ошто дагы бир цемент заводу курулуп жатат

Ош облусунун Араван районундагы дагы бир цемент заводунун курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирет.

«ЮКСМ» Жоопкерчилиги Чектелген Коомуна  Анаров айыл өкмөтү  39,79 гектар жер аянты 49 жылга ижарага берилген.

Жаңы цемент заводунун долбоордук сметалык баасы 88 миллион доллар. Маалыматта заводдун кубаттуулугу күнүнө 2500 тоннаны түзүп, жылына 1 миллион тоннага чейин жетмекчи.

Аталган цемент заводун куруу иштери 2017-жылдын март айында башталды.

Эң көп окулган жаңылыктар