00:01
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Апрелде мектеп окуучуларын сүзүп кеткен айдоочунун соту болду

Апрель айында мектеп окуучуларын сүзүп кеткен айдоочу Мирлан Ажибековдун соту болду. Иш Ленин райондук сотунда каралып жатат. 

Эскерте кетсек, 21-апрель күнү Бишкек шаарынын Бакаев көчөсүндө № 74-мектептин 9-класссынын окуучуларын «Мерседесе» үлгүсүндөгү унаа сүзүп качып кеткен.

Эки бала тең оор жаракат менен оорууканага жеткирилип, бирөө бир нече күндөн кийин гана комадан чыккан. Ошол эле күнү айдоочу 1988-жылкы Мирлан Ажибеков кармалган.

Бүгүн сотто балдардын биринин апасы Элиза Калбаева баласынын дарылануусуна кеткен чыгымды төлөп берүүсүн талап кылды. Доонун баасы 110 миң сомго бааланды. 

Соттун аягында мектеп окуучуларынын туугандары Мирлан Ажибековго кол көтөрүп, бир-эки муштап, тепкилеп алышты.

Эң көп окулган жаңылыктар