18:34
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

2023-жылы Кыргызстанда 9 орус тилдүү мектеп салынат

2023-жылы Кыргызстанда 9 орус тилдүү мектеп салынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мектептер аймактарга курулат.

«Тилди сапаттуу деңгээлде билүүсү иш учурунда абдан эле пайдасы тиет. Ошол үчүн былтыр биринчи иш сапарым менен Москвага барганда Владимир Владимировичтен суранып, 9 орус мектебин салып берүү боюнча макулдугун алганмын. Кудай буюрса, келе жаткан жылы бардык региондорго салына баштайт. Мектептер иштеп, региондордо орус тилинен кайрадан жеткиликтүү сабак бериле баштаса, 5-10 жылда кайра орус тили өнүгөт. Негизи КМШ өлкөлөрүндө, ЕАЭБдин ичинде орус тилсиз иш жүргүзө албайсың. Андан тышкары, орус тили БУУда колдонулган тилдердин бири», — дейт Садыр Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар