21:45
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Сооронбай Жээнбеков чек арачыларды туристтерди качырбоого чакырды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков чек арачыларды туристтерди үркүтпөөгө чакырды. Бул тууралуу ал кыргыз-казак чегиндеги «Чалдовар» өтмөгүн текшерүү учурунда билдирди.

Өкмөт башчысы чек арачылар биринчилерден болуп туристтерди тосуп аларын айтып, аларга сылык мамиле жасоо зарылдыгын билдирди. 

«Өнүккөн чет өлкөлөрдө туристти күлүп жайнап тосуп алышат. Бизде жок жерден кармап, тоскоолдук түзөбүз. Мына жакында аэропортто бир туристти жөн эле төрт саат кармашыптыр. Эрежеден сырт мамилени токтоткула» - деп эскертти өкмөт башчысы.

Белгилей кетсек,  «Чалдовар» өтмөгү оңдолуп жатат. Жай мезгилинин аягына чейин жаңылануу иштери аяктайт. Чек ара кызматынын башкармалыгынын жетекчиси Сарлыкбек Уулу Мирландын айтымында, өтмөктүн эки тарабында паспортту текшерүүчү бөлмөлөр пайда болот. Андай бөлмөлөр азыр алтоо болсо, 10го жетет. Андан сырткары, өтмөктүн үстү жабылып, Казакстандын чегине чейин жабык коридор курулат. Премьер-министр өтмөктүн алдындагы соода түйүндөрүн иретке келтирип, унаа токтоочу жайды курууну тапшырды. 

«Чалдовардан» суткасына 4-5 миң киши 200дөн ашык унаа өтөт. 

Эң көп окулган жаңылыктар