10:40
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Валентина Матвиенко КМШ мамлекеттерин орус тилин сактоого чакырды

Россиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко КМШ мамлекеттерин орус тилин сактоого чакырды. Ал бул боюнча Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп жаткан «Шериктештик балдары» форумунда билдирди.

Валентина Матвиенко КМШ өлкөлөрүнүн тарыхы бир экендигин белгилеп, улуттар аралык баарлашуунун тили катары орус тилин сактоо кеңешин берди. 

«Улуттук тилдер менен бирге орус тилин дагы сактагыла. Ал бизге бири-бирибизди жакшы түшүнүүгө жана улуттук маданий өнүгүбүзгө жол ачат», — деди Валентина Матвиенко.

Эң көп окулган жаңылыктар