15:27
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Григорий Лепстин Ташкенттеги концерти болбой калды

Орусиялык ырчы Григорий Лепстин Ташкенттеги «Элдер достугу» сарайында 23-октябрга белгиленген концерти болбой калды.

Өзбекстандын Маданият министрлигинин маалыматы боюнча, концерттик программа «айрым техникалык себептерден улам токтотулду». Билеттин акчасы кайтарылып берилет.

Ташкенттеги Лепстин концертине өзбекстандыктар каршы болуп, социалдык тармактарда активдүү үгүт иштерин жүргүзүштү. Буга Лепстин Орусиянын Украинага каршы согушун активдүү колдогону себеп болду.

Буга чейин Маданият жана туризм министринин орун басары Бахадир Ахмедов Өзбекстанда искусствого эч кандай тоскоолдуктар жок экенин билдирген. «Алар келип, өз өнөрлөрүн тартуулашат жана кетишет», — деген ал.

Орусиялык ырчылар Григорий Лепс менен Николай Басков бир нече апта мурун Украинанын Куралдуу күчтөрүнө таандык танктарды жок кылгандарга бир миллион рубль сыйлык бере турганын билдиришкен. Андан кийин Лепстин Казакстандагы, кийин Кыргызстандагы концерти да токтотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар