15:46
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Лавров Кыргызстандын тил мыйзамы тууралуу пикирин билдирди

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанда жакында эле кабыл алынган кыргыз тили жөнүндө мыйзамга байланыштуу пикирин билдиргени 23-июлда белгилүү болду. Орусия ТИМинин маалыматына караганда, Лавров бул тууралуу 19-июлда коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушканда айткан.

Ал «Орусиядагы кырдаал боюнча объективдүү маалымат жеткирүүгө, орус тилин, маданиятын, чет мамлекетте атамекендик билимди илгерилетүүгө аракет кылуу зарылдыгы турганын белгилеп, азыр КМШда оңой эмес процесстер болуп жатканына» токтолгон.

«Борбор Азияда мыйзамдарды жигердүү сүрөп жатышат. Кыргызстанда бир канча ай мурда мыйзам кабыл алынган. Бул идея жаңыдан жаралганда, биз кыргыз досторубузга бул анчейин демократиялуу эмес кадам экенин эскерткенбиз. Мен бардык мамлекеттик кызматкерлерди кыргызча билип, ошол тил менен иштөөгө милдеттендирүүнү айтып жатам. Мамлекеттик кызматкерлердин бул тобуна мугалимдер да, мамлекеттик медициналык мекемелердеги дарыгерлер да кирип калды. Биз ишти улантабыз. Бир канча жолу эскерттик, бирок башка нукка салынып калды. Кыргызстандын Конституциясында орус тили улуттук баарлашуунун тили бойдон калганына карабай», — деди Лавров.

Ал «мындай жагдайда чет элдик эксперттик, илимий саясат таануучулардын, айрыкча жаштардын катышуусунда перспективдүү диалог форматтарын издей турган» бир катар уюм, мекемелер иш алып барып жатканын белгилеген.

«Орус тили жалпысынан Украинадагыдай, Прибалтика өлкөлөрүндөгүдөй басмырлоого кабылып жатат» деп тынчсызданган Лавров «ар кайсы улуттун, маданияттын, диндин өкүлдөрүнүн улуттук өнүгүүсүнө шарт түзүп, ошол эле учурда жалпы бириктирүүчү фактор катары бааланган орус тилин кошо өнүктүрүү — мезгил талабы» деп эсептейт.

Эң көп окулган жаңылыктар