01:33
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Аида Салянованын агасы студент кыздын өлүмү боюнча көрсөтмө берүүгө даяр

Аида Салянованын агасы Калыбек Элтубасов Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча көрсөтмө берүүгө даяр. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигиндеги маалымат жыйында жактоочу Улан Жумаков билдирди.

Анын айтымында, Элтубасов  - шектүү эмес, күбө. Ал ИИМге бир нече жолу кайрылып, ишке байланыштуу маалымат берүүнү өтүнгөн.

«Бирок мага эч нерсе беришкен жок. Адам өлүмүнө айыптоо - бул олуттуу күнөө. Андыктан Калыбек Элтубасов дагы коркуп турат» - деди жактоочу.

Улан Жумаков бул иш парламенттин «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянова каршы кысым болуп жатканын кошумчалады. 

Кечээ, ИИМ Калыбек Элтубасовго иш козгоп, издөө жарыялаганы белгилүү болду.  Маалыматта ал саунадагы видеотасмаларды өчүрүп, тергөөнүн жүрүшүнө бут тоскону айтылат. 

Эскерте кетсек, Камила Дүйшөбаева 2014-жылдын 10-мартында жоголгон.  Бир жумадан кийин ал Байтик айылындагы мүрзөдөн табылган. Кыздын муунтулуп өлтүрүлгөнү такталган. 

Эң көп окулган жаңылыктар