15:07
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

«КамАЗдын» ыргып кеткен дөңгөлөгү 8 жашар балага тийип, ал мерт кетти

Ош облусунун Шарк айылдык округунда жолдо бара жаткан «КамАЗдын» ыргып кеткен дөңгөлөгү 8 жашар балага тийип, ал мерт кетти. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Окуя 27-июнда Ош-Кара-Суу жолунун 17-чакырымында болгон.

Жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгү ыргып кетип, жол боюнда ойногон, 2009-жылы туулган балага тийген. Бала оорууканага жетпей каза тапты.

Кылмыш иши козголуп, «КамАЗ» атайын токтоочу жайга коюлду.

Эң көп окулган жаңылыктар