21:01
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бир сутка ичинде 80 килограмм баңги зат алынды

Бир сутка ичинде өлкөнүн ар кайсы аймактарынан жалпысынан 80 килограммдан ашык баңги зат кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлайт.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын 1983-жылы туулган тургунунун үйүнөн 2 килограмм маң зат алынган. Андан сырткары, Ананьево айылынын 1978-жылы туулган жашоочусу 9, 6 килограмм, Кара-Ой айылынан дагы бир жаран 2 килограмм марихуана менен кармалган. 

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунан үйүнөн 35 грамм марихуана жана 391 түп кара куурай табылган. 

Андан сырткары, Токмок жана Бишкек шаарларынан дагы баңги зат менен кармалгандар болду. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума