05:19
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргыз бийлиги аскерлерин Сирияга жөнөтүү боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн жок

Кыргыз бийлиги аскерлерин Сирияга жөнөтүү боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн жок. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров «24.kg»  маалымат агентигине билдирди.

Анын айтымында, маселе ЖККУнун туруктуу кеңешинде талкууланган. 

«Андан кийин бул маселеге кайрылган эмеспиз. Расмий сүйлөшүү болгон жок. Эгер Россия тараптан ушундай сунуш түшсө, биз улуттук кызыкчылыгыбыздын чегинде чечим кабыл алабыз», — деди Темир Жумакадыров.

Эскерте  кетсек, Россиянын жана Түркия маалымат каражаттары Кыргызстан жана Казакстандын аскерлерин Сирияга жөнөтүү сунушу талкууланып жаткандыгын маалымдашкан. 

Эң көп окулган жаңылыктар