17:45
+26
USD 68.74
EUR 80.76
RUB 1.16
Кыргызча

Чаткалда дарыяга кулаган унаадагы аялды суу агызып кеткен

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терс дарыясына 19-июнь күнү «Ауди 100» маркасындагы жеңил ууна түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Маалыматта унаанын ичинде төрт киши болгондугу айтылат. Экөө суудан чыгып, эки аял агып кеткен. Куткаруучулар ошол эле күнү бир аялдын сөөгүн табышкан. Экинчи аял дагы эле табыла элек.

ӨКМ издөө иштери жүрүп жатканын билдирет.

Эң көп окулган жаңылыктар