11:43
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Мародерлукка айыпталып жаткан Райкан Төлөгөнов оорууканага жаткарылды

Мародерлукка айыпталып жаткан Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Райкан Төлөгөнов оорууканага жаткарылды. Бул тууралуу журналисттерга анын уулу Иса маалымдады.

Иса Төлөгөновдун айтымында, мурдакы депутаттын абалы начарлап, даарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин шишик табылган. Ал № 47-колонияга убактылуу которулган.

Бирок, аны кечээ кайра УКМКнын абагына алып кетишкен.

Райкан Төлөгөнов 28-мартта кармалган. Ага 2010-жылдагы мародерлук боюнча айып тагылган.

Эң көп окулган жаңылыктар