08:21
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өзгөн районунда кооптуу жерде жашаган 40 үй-бүлө көчүүдөн баш тартууда

Өзгөн районунда кооптуу жерде жашаган 40 үй-бүлө көчүүдөн баш тартууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, аларга жер тилкеси бөлүнүп берилди. Ага карабай, үй-жайын таштап кеткиси жок.

«Эмки жылы жер кайра көчөт. Андыктан, быйыл аларды сөзсүз которуш керек», — деди министр.

Ал Өзгөн районунун Аюу-Сай айылында жер көчкөн аймакта төрт үй-бүлө гана мыйзамдуу жашабаса, калгандары эскертүүлөргө көңүл бөлүшкөн эместигин маалымдады.

Министрдин билдирүүсүндө, Өзгөн районунда 219 гектар айыл чарба жери курулуш аймагына өзгөртүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар