09:45
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Чүйдөгү көз жоосун алган туристтик жайлар

Кыргызстан акыркы жылдары абройлуу басылмаларда, тизмелерде алдынкы орундарга жайгашып калат. Тилекке каршы, азырынча кооз жаратылышы менен гана мыктылардын катарына кошулуп жатат. Эл аралык басылмалар Кыргызстанга сөзсүз барып, көрүп келүүнү сунушташат.

Чындап өлкөнүн токой, тоо, талаа, көл жана тарыхый эстеликтери көз моокумун гана кандырбастан, туристтерге эсте калгыс сезимдерди тартуулай алат.

Бүгүн «24.kg» агентиги Чүй облусундагы туристтер жактырган мыкты жайлар жөнүндө маалымдайт.

Ала-Арча улуттук паркы

Көпчүлүк туристтер биринчилерден болуп, Бишкектен 40 чакырым алыстыкта жайгашып, деңиз-деңгээлинен 1600–4800 метр бийиктикте турган Ала-Арча паркына барышат.

Айтмакчы, паркка альпинисттер гана эмес, уфологдор, космос мейкиндигин изилдеген окмуштуулар дагы кызыгышат экен.

Пионер, Комсомол, Мугалим

Бул чокуларга жергиликтүү жана чет элдик альпинисттер кызыгышат. Тоонун боорунда кар турбайт. Өйдө жагы таажыга окшоп уулугуна жана кооздогуна көрк кошот.

Шамси жана Кегети капчыгайлары

Шамси ашуусу Бишкектен 120 километр алыстыкта жайгашкан. Бул жерде Кел-төр көлү, бир катар шаркыратмалар бар. Уламышка караганда бул аймактан бир кезде алтын көмүлгөн жайды табышкан. Алтындардын арасынан табылган алтын беткапты жергиликтүү тургундары Шамси аттуу ханышага тиешелүү экендигин айтышат.

Бурана

Мунара Орто Азиядагы биринчи курулуштардын бири. Бийиктиги 20 метр. Бурана байланыштуу санжыра баарына белгилүү.

Ысык-Ата капчыгайы

Ысык-Атадагы жергиликтүү суулар боюнча бир канча уламыштар айтылат. Баардыгында суунун өзгөчө касиети баяндалат. Мисалы, бир уламыш боюнча бул сууга күнүгө жуунган кыз сымбатын, сулуулугун жана жаштыгын түбөлүк сактап калган. Мында 30дан ашык минералдык сууну булагы бар.

Андан сырткары, Токмоктогу VII–VIII кылымга тиешелүү байыркы шаардын калтыктары, Кара-Балтадагы жападан жалгыз чиркөө дагы көпчүлүккө кызыктуу.

Макаланы толук бул жерден окуй аласыз.

Эң көп окулган жаңылыктар