01:18
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бакыт Жусупов Кыргызстандын Венгриядагы элчиси болуп дайындалды

Бакыт Жусупов Кыргызстандын Венгриядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат бөлүмү билдирет.

Ал Кыргызстандын Австрия, ЕККУдагы (ОБСЕ) туруктуу өкүлү кызматы менен бирге Венгрия өлкөсүндө элчиликти дагы аркалайт.

Ага чейин Австрия, Чехия, Словакия, Венгрия жана Польшада Эрмек Ибраимов Кыргызстандын элчиси болчу. Аны Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын декабрь айында отставкага жөнөткөн.

Бакыт Жусупов 2002 -жылы Ж.Баласагын атындагы Улуттук Университеттин эл аралык мамиле бөлүмүн аяктаган. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргызстандын Австриядагы элчиси болуп дайындалган.

Эң көп окулган жаңылыктар