02:58
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жогорку Сот Zanoza интернет басылмасынын мүлкүн камоого алууга уруксат бербеди

Жогорку Сот Башкы прокуратурага Zanoza интернет басылмасынын мүлкүн камоого алууга уруксат берген жок. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине журналист Нарын Айып билдирди.

Анын айтымында, Башкы прокуратура «бар мүлкүнүн баарын камоого алуу» деген сунуш жолдогон.

«Бирок, Zanoza.kg сайтынын өзүнүн мүлкү жок. Андыктан камоого ала турган эч нерсе жок», — дейт Нарын Айып.

Белгилей кетсек, Zanoza менен анын журналисты Нарын Айыпка каршы Башкы прокуратура президенттин ар намысын коргоо боюнча беш доо арыз жолдогон. Ар бир доонун баасы 3 миллион сом.

Эң көп окулган жаңылыктар