06:39
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстан ЕАЭБке кум шекер экспорттойт

Кыргызстан ЕАЭБке кум шекер экспорттомокчу. Бул тууралуу Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун Чүй облусундагы «Кошой"заводуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө маалымдады.

Сооронбай Жээнбеков заводдун ишке кириши менен кызылчаны кайра иштетүү маселеси чечилерин, жергиликтүү рынок өз кум шекери менен камсыз болуп, Евразия экономикалык биримдигине экспорттоого шарт түзүлөрүн айтты.

Эскерте кетсек, «Кошой» заводу 2004-жылы убактылуу токтотулган. 2016-жылы Орус-кыргыз өнүгүү фондунан 10 миллион доллар насыя алып, ишкана кайра ишке кирмекчи. Завод октябрь айында толук иштей баштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар