17:24
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

1-сентябрга карата бир нече мектептер интернетке кошулат

1-сентябрга карата бир нече мектептер интернетке кошулат. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Учурда 765 мектепти интернетке кошуу даярдыгы көрүлүүдө. Жаңы окуу жылында анын 70 пайызы дүйнөлүк желеге кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Калганы ноябрь айында кошулат.

Андан сырткары, жаңы окуу куралдары басылып чыгат. 5-9-класстар үчүн китептердин үлгүсү даярдалып, басмаканага жөнөтүү алдында турат.

Эң көп окулган жаңылыктар
18-апрель, бейшемби