21:31
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Нарындагы Борбордук Азия университетинин студенттери эмки жылы «Манасты» окушат

Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинин студенттери эмки жылы «Манас» эпосун жана Кыргызстандын тарыхын окушат. Бул тууралуу «24.kg» агентигине өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Алардын айтымында, эки тараптын жарашуу учурунда университеттин деканы Диана Пауна кечээки болгон окуяда башка ойдо калса, бүгүн пикирин өзгөрткөнүн айткан.

«Чын дилиңиздерден кечирим сурап жатканыңыздарды баалайбыз жана кабыл алабыз. Биз тараптан дагы бир катар иштер аткарылат. Кийинки жылдардан баштап «Манас», кыргыз тарыхы боюнча студенттерибизди окутабыз. Жергиликтүү жаштар менен тыгыз иш алып барып, ынтымагыбызды чыңдайбыз», — деди Диана Пауна.

Эскерте кетсек, Нарын шаарында баскетболдук таймаштан кийин, Борбордук Азия университетинин студенттери менен жергиликтүү жаштар мушташкан. Мушташта студенттер үстөмдүк кылгандыгы айтылат. 8-июнь күнү жергиликтүү жаштар университеттин жатаканасына келип, мушташка күнөөлүү жаштарды жазага тартууну талап кылган. Алар чет элдик студенттерди бийлик өкүлдөрү, милициянын көзүнчө тизелеп, кечирим суратканы маалымдалган. Бирок, бул маалыматты «24.kg» агентигине ИИМден четке кагышты. Окуя боюнча кылмыш иши козголду.
Бүгүн, шаар жаштарынын өкүлдөрү Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, вице-мэр С.Эсенаманова ЖОЖдун окутуучулары менен жолугушуп, кечирим сурашкан. Университетке кыргыздын каада-салттары тууралуу китеп жана «Манас» эпосун, калпак белекке тартуулашкан.
Эң көп окулган жаңылыктар