08:19
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

ИИМ: Нарында чет элдик студенттердин баары эмес, бир эле мугалим тизелеген

Ичики иштер министрлиги(ИИМ) Нарындагы Борбордук Азия университетинде болгон окуянын чоо-жайын «24.kg» агентигине билдирди.

Белгилей кетсек, окуя кечээ баскетбол таймашынан кийин болгон. Университеттин тажик улутундагы студентттери менен жергиликтүү жаштар мушташкан.

ИИМ нарындыктар чет элдик студенттерди тизелетип, кемсинткендиги боюнча маалыматты четке кагат.

«Бир эле мугалим тизелеген. Анткени ага жергиликтүү жаштардын талабын туура эмес которушкан» — дейт ИИМ өкүлү.

Бүгүн Нарындын администрациясы, аксакалдар, активисттер, университеттин студенттери жана мугалимдери катышкан жолугушуу болот.

Эң көп окулган жаңылыктар