01:11
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Нарында жаштар менен студенттер элдешти

Нарын шаарынын жаштары менен Борбордук Азия университетинин студенттери элдешти. Бул тууралуу маалыматты «24.kg» агентигине өкмөттүн облустагы ыйгарымдуу өкүлчүлүгүнөн таксыкташты.

Алардын айтымында, эки тарап таарынычын унутуп, тынчтыкта жашамай болушту.

Эскерте кетсек, Нарын шаарында баскетболдук таймаштан кийин, Борбордук Азия университетинин студенттери менен жергиликтүү жаштар мушташкан. Мушташта студенттер үстөмдүк кылгандыгы айтылат. Айрым ЖМК жергиликтүү тургундар, 8-июнь күнү чет элдик студенттерди бийлик өкүлдөрү, милициянын көзүнчө тизелеп, кечирим суратканын жазышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар