00:25
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

2023-жылы дүйнө жүзү боюнча 8,5 миңден ашуун мигрант каза болгон

Бириккен улуттар уюму Миграция боюнча эл аралык уюмдун маалыматына таянып, 2023-жылы мигранттардын өлүмү көп катталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы дүйнө жүзү боюнча 8 миң 540тан ашуун мигрант каза болуп, алардын 60 пайызы сууга чөгүп кеткен.

2024-жылдагы тенденциялар дагы тынчсыздандыруучу. Жер Ортолук деңиз каттамында каза болгондордун саны мурдагыдай эле жогору, 1-январдан бери 956 өлүм катталды.

БУУ

БУУнун маалыматы боюнча, ар бир үчүнчү мигрант куралдуу кагылыштардан качуу учурунда каза болот. Өлүмү документтештирилген мигранттардын үчтөн экисинен көбүнүн сөөгү аныкталган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар