00:04
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Садыр Жапаров алтын куймалар тартылган видео боюнча комментарий берди

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде алтын куймалар тартылган видео боюнча комментарий берди.

Эскерте кетсек, социалдык тармактарда кыска видео пайда болгон, анда алтын куймалар менен толтурулган делген төрт куту тартылган. Кадр артындагы адам Сабыр ава деген бирөөгө отчет берип жатканын угууга болот. Мындан улам бул ишке мамлекет башчысынын бир тууган агасы Сабыр Жапаровдун тиешеси бар болушу мүмкүн деген сөздөр айтыла баштады.

«Алтын уурдап башка өлкөлөргө чыгарып жаткан кишилер ошондой видео жасап, анан социалдык тармакка өздөрү таратат беле? Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө мамлекетке тийиштүү алтын кендерден тоннасын бул жакка коёлу, бир грамм алтынды да эч ким уурдай албайт», — деди Садыр Жапаров.

Ал өкмөткө тиешелүү бардык алтын кендерге, Кара-Балтадагы аффинаждык заводго видео камералар коюлуп, күнү-түнү видео тасмага тартылып, компьютерге жазылып турарын белгиледи. Президент ошондой эле аны миңдеген адистер түз эфирде карап олтурушарын жана видеолор сакталарын айтты.

«Ал эми менин бир туугандарым, үй-бүлөм чет өлкөлөргө бир нерсе чыгармак турсун, тескерисинче, чет өлкөлөрдөн бул жакка ташып атышат. Мен канча убакыт президент болуп олтурам билбейм. Мөөнөтүм бүтүп кызматтан кетип атканда өзүм эле эмес, бир-туугандарым, бала-чакамдын кимиси өлкөбүзгө канча каражатты кайдан инвестиция кылып алып келгени, кайсыл мекемелерди курушканы, кайсыл тармакка канча каражат салганы, кыргыз элине, мамлекетибизге кандай пайда алып келишкени жөнүндө ар бирине отчёт бердирем», — деди ал.

Өлкө башчысынын айтымында, анын бийликте олтурган командасы жана бир туугандары өлкөдөн чыгарып кетүү менен эмес, өлкөгө ташып келүү менен алек.

«Мага чейин жана мен бийликке келгенден баштап алтындан кандай пайда алганыбызды статистикалык маалыматтар, сандар менен айта кетейин. Ушундан эле мурда кандай уурулуктар болгонун өзүңүздөр жыйынтык чыгарсаңыздар болот. Азыр мурдагыдай уурулук токтогон. «Кыргызалтындан» 2020-жылга чейин таза киреше болгону 340 миллион сом гана болгон. 2021-жылы дароо эле 2 миллиард 700 миллион сомго көтөрүлгөн. 2022-жылы 5 миллиард 600 миллион сом болду. 2023-жылы 12 миллиард 600 миллион сомго жетти. Мындай сандар бир эле «Кыргызалтын» менен «Кумтөрдө» эмес, бажы менен салык системасында дагы ушундай көтөрүлдү», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар