16:45
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

ИИМ Нарындагы окуя боюнча кылмыш ишин козгоду

ИИМ Нарындагы окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.

Алардын айтымында, «бейбаштык» беренеси менен иш козголуп, териштирүү жүрүп жатат.

Ага улай, ИИМ Нарын шаарынын милициясынын бул окуядагы аракеттерин иликтөөгө алды.

Эскерте кетсек, Нарын шаарында баскетболдук таймаштан кийин, Борбордук Азия университетинин студенттери менен жергиликтүү жаштар мушташкан. Мушташта студенттер үстөмдүк кылгандыгы айтылат. Айрым ЖМК жергиликтүү тургундар, 8-июнь күнү чет элдик студенттерди бийлик өкүлдөрү, милициянын көзүнчө тизелеп, кечирим суратканын жазышкан. Бирок, бул маалыматты ИИМ четке кагып, университеттин бир эле окутуучусу активисттердин талабын туура эмес түшүнүп, тизе бүккөндүгүн билдирген.

Бирок, күбөлөрдүн «24.kg» агентигине билдирүүсүндө, кечээ окуу жайдын жатаканасына жергиликтүү жаштар келип, 27-майда өткөн мушташ үчүн кечирим суроону талап кылышкан. Жыйынга облустагы өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү Аманбай Кайыпов дагы катышкан. Алардын көзүнчө, кызуу кандуу жаштарды тынчтандыруу үчүн 10 чет элдик студент тизелеп кечирим сураган.

Эң көп окулган жаңылыктар