02:41
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Алмазбек Атамбаев: Улуттарды кайраган укук коргоочу, журналисттер бар

»Кыргызстанда этнос аралык мамилелерге от жаккысы келген күчтөргө иштеген адамдар бар. Укук коргоочу, эксперт жана журналисттин атына жамынып алышып, июнь каргашасынын жылдыгы алдында абалды курчуткандан кайра тартпай турушат» -деп айтылат президент Алмазбек Атамбаевдин Ош коогалаңынын 7 жылдыгына арналган кайрылуусунда.

Өлкө башчысы ага карабай, өлкөдө туруктуулук, эл биримдиги улам бекемделип жаткандыгын билдирет.

«Бүгүн абал такыр башка. Өлкөдө туруктуулук, эл биримдиги улам бекемделип баратат. Кыргыздар менен өзбектердин мамлекеттик мекемелерде, базарларда, окуу жайларда, коомдук транспортто өз ара ызаат мамилеси, жакшылык-жамандыкта катташа баштаганы буга далил. Өзбекстандын жаңы бийликтери коӊшулары менен достук мамилесин чыӊдоого жүз бурду, эки жактын өкмөттүк делегациялары бири-бирине катташа башташты, чек араларды тактап, чекит коюуга чын ыкластан киришип жатабыз» — дейт президент.

Алмазбек Атамбаев эл аралык изилдөөнүн жыйынтыгынан мисал келтирип, Кыргызстан калкынын мамлекеттин этностор аралык чатактарды алдын алуу жөндөмдүүлүгүнө ишеними өсүп жаткандыгын белгилейт.

«Эгерде 2014-жылы калктын 30 проценти ишенсе, ишеним индекси 2015-жылы 82 процентке өскөн» -деп айтылат.

Президент 2010-жылкы Ош жана Жалал-Абад облустарындагы этникалык кагылышта 442 киши набыт болуп, ондогондор дайынсыз жоголгондугун эскерет. Окуянын кайталанбастыгы үчүн бардык чаралар көрүлүп жаткандыгына ынандырып, кекчил эмес, кечиримдүү болууга чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар